Төшүнө бычак сайган. Бишкекте күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда болжол менен саат 04:26да «102» кызматына борбор калаадагы 11-кичирайонундагы үйлөрдүн биринде Р. аттуу жаран бычактан жараат алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде 41 жаштагы Р.Р. аттуу жарандын сөөгү табылган. Анын төшүнө бычак сайылганы байкалган.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары маркумдун 39 жаштагы Б.Н. аттуу жубайын кармашып, тергөө кызматына жеткиришкен.
Кармалган аял үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүнүн жолдошун бычак менен сайып жибергендигин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Аргумент.kg