Төрт күндүк диета…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул диетанын талаптары катуу, ошондуктан төрт күндөн ашык кармоого тыюу салынат. Бардык убакта суюктукту көп ичип, физикалык кыймыл-аракетти бир аз азайтсаңыз болду.
1күн
Эртең мененки тамакка: сууга бышкан 2 жумуртка, 1 апельсин, 1 стакан сүтсүз, кантсыз кофе. Түшкү тамак: 8 сууга чыланган кургатылган кара өрүк.
Кечки ашка: 1 жумуртка жана 1 апельсин
2-күн
Эртең менен: 1 стакан кара кофе, быштак же сүзмө.
Түштө: 1 апельсин, 1 сууга бышкан жумуртка.
Кечки тамак: 1 стакан жылуу сүт, 1 алмурт.
3-күн
Эртең мененки тамакка: 1-2 чыны чай.
Түштө: Майы жок быштак, 1 помидор менен бадыраң.
Кечкисин: 1 стакан сүт.
4-күн
Эртең мененки ашка: сүт же шире кошулган мюсли.
Түшкү тамакка: 1 помидор жана 1 бадыраң
Кечки тамакка: 2 апельсин.
Кайрадан калыптуу тамактанууга акырындан өтө баштайсыз. Өзүңүздү колго алуу, тамактануу тартибиңизди көзөмөлгө алыңыз. Антпесе төрт күн кармаган диетаңыз жөн эле кетет, керек болсо салмак кошуп да алууңуз мүмкүн. Бул диетаны бир айдан кийин кайра кармасаңыз болот. Сунуштаган азык-түлүктү да эч нерсе менен алмаштырбаңыз.
БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg