
Төрт күн мурун ишке орношкон. Бишкекте жаш жигит 11-кабаттан кулап каза болду
10-чын куран, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваБишкекте 21 жаштагы курулушчу курулуп жаткан үйдүн 11-кабатынан кулап каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып Kaktus.media жазды
Маалым болгондой, окуя 8-апрель күнү саат 15:30да Коенкөзов менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал ооруканага жетпей каза болгон.
Окуя Royal Construction курулуш компаниясына тиешелүү объектте болгон.
Маалыматка ылайык, 2002-жылы туулган маркум К.у.Б. аларга мындан төрт күн мурун эле досу менен чогуу ишке орношкон. Жумушка киришер алдында аларга коопсуздук чаралары тууралуу эскертилген.
Маркумдун жакындары милицияга курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.