Төрт аял жаш жигитти токойго алып барып зордукташкан

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Индияда Пенжаб шаарынын 20 жаштагы тургуну аялдар тарабынан уурдалып, зордукталганы тууралуу арыз менен полицияга кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жабырлануучунун айтымында, ал жумуштан кийин кечинде үйүнө жөө кетип бара жатканда жанына ак түстөгү унаа токтогон. Унаанын ичинде төрт аял киши болгон. Алар жаш жигитке дареги жазылган кагазды көрсөтүп, багыт сурашкан. Жигит аны окууга аракет кылганда алардын бири жигитке газ чачып, ал эсин жоготкон.
Жигит полицияга унаада ойгонгонун, аялдар аны токойго алып барып зордуктап,
андан кийин таштап кетишкенин айткан.

Аргумент.kg