Төрөтканага аялын чыгарганы келген беш түрлүү күйөө көз жашымды агызды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен шаардагы төрөтканалардын биринде пол жууп иштейм. Күн сайын ар түрдүү адамдарды көрөм. Бирөөсү жаңы эле жууган полумду бейкапар тебелеп кетсе, экинчиси кургагыча күтүп турат.
Пол жууп иштейм десем, көз алдыңарга бакырып, ар ким менен урушуп жүргөн эже келсе керек. Андай эмес, мага жасаган жумушум жагат. Эгер мен жок болсом, төрөткананын абалы кандай болмок ким билмек, туурабы. Демек, мен бул жерде эң “главныймын” (күлүп). Жаңы төрөлгөн ымыркай көзүн ачканда айланасы таза болуп турат. Бул менин эмгегим деп сыймыктанам.
Түшкү тамактануу. Терезеден сыртка көз жүгүртүп, келиним демдеп берген сүт чай менен нан жеп отургам.
Биринчи ата келди. Кыязы, тун баласы окшойт. Жаш неме экен. Толкунданып ары-бери басып, өзүн коерго жер таппай жатты. Жыйырмадай досторун ээрчитип алыптыр. Алары улам каткырып, далысына таптап коюшат. Колун чөнтөгүнө салат, кайра алып чыгып маңдайындагы терин сүртөт. Алып келген үч гүлү эбак соолуп калды. Тигине келинчеги дагы чыкты. Ал дагы жаш неме экен. Баласын күйөөсүнө берсе анысы кармай албай ыйлап жиберди. Достору дагы күлдү. Узап кетишти. Скамейкада алып келген үч гүлү калып кетти. Бечара, толкунданганынан унутуп калды окшойт.
Экинчи ата келди. “Крутой” неме окшойт. Джиптерден бешти айдадып алыптыр. “Спасибо за дочь” деп чаптап чыгыптыр. Жанагы площадда сүрөткө түшкөн чоң аюулар, коендор басып жүрөт. Шарлар толтура. Колунда жүз роза. Камера тартып, музыка коюлду. Тигине аялы чыкты. Улам достору менен “селпи” жасап, акыры лимузинге түшүп жөнөп кетишти.
Үчүнчү ата келди. Туугандары толтура. Аккардеондун үнү жаңырып, Бек Борбиевдин ырлары угулду. Мынча туугандары эки Жигулиге  кантип батты экен. Машинанын үстүнө боорсоктор коюлуп, эттер чыгарылды. Жеңелери бийлеп киришти. Колдорунда балага деп алган комплекттери менен кошо бийлешти. Тигине аялы чыкты. Заматта баарын жыйнап узап кетишти.
Төртүнчү ата келди. Көзү муңдуу. Жанындагы апасы окшойт. Ал дагы муңдуу. Тигине аялы, ой, жок медайым өзү эле го. Тиги апасы чуркап барып баланы алды. Бетин өөп, ыйлап жатты. Күйөөсү скамейкада башын мыкчыган боюнча отурду. Аа, бечара, үч күн мурун каза болгон бейтап, ушунун келинчеги турбайбы. Эх…
Бешинчи ата келди. Жанында төрт баласы бар экен. Алары чурулдап ары-бери чуркайт. Колдорунда балмуздак. Бирөөсүнүн оозун сүрткүчө, экинчиси кийимин булгайт. Атасы уйкудан калганы көрүнүп турат. Тигине келинчеги чыкты. Балдары апалап чуркашты. Колундагы ымыркайды карап, бир нерселерди божурап жатышты. Күйөөсү келип жубайынын бетинен өптү. Жетөө жетелешип кетишти.
Түшкү тамактануум бүттү. Мени полдор күтүп калды. Көз жашымды аарчып чакама жөнөдүм.
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg