Төрөбаев “нокауттан” эсин жыя элек…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаеадин бар же жок экени билинбей калды. Эртелеп саясий «критке» кетти көрүнөт. Бул да болсо мурдунун учунан алысты көрө албаган, саясатты түшүнбөгөн мажүрөөлүктүн белгиси.
Анткени Бакыт мырза өз күчү, акыл көреңгөсү аркылуу эмес, атасынын кадыры, байлыктын күчү менен саясатка аралашкандыктан, дарамети чектелүү экенин көрсөтүп койду. «Эптеп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү» дегендей, акчанын күчүнө салып Жогорку Кеңешке алып келген партиясы мындан ары ашуу аша албай тургандай көтөрүм абалда.
Мындан улам, Бакыт мырза келерки парламенттик шайлоодо бир кезде мурдун чүйрүп, теңсинбей койгон «Эмгек» партиясынын этегин кармай турган болууда. Башка жолу жок, туюкта турат. Эч ким ишеним артып кошпойт. Бийликке болсо кандай кошомат кылат, айла-амал көрсө да жакпайт. Жактырган учурда да кол жоолук катары пайдаланышы мүмкүн.
Андыктан саясий дымагы өчүп, ындыны куруп турган маал. Образдуу айтканда, шайлоодон кийинки «нокауттан» тура элек. Турган күндө да кыйратпай калды…
Булак: “Фабула”

Аргумент.kg