Төркүнүм балдарымдан ажыратты, эми балдарымды…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы Аргумент.кж сайты. Сураныч катымды чыгарып бериңизчи. Эки  жыл мурун жолдошум менен жезделерим иш баштап, бирок банкрот болушкан. Улуу эжем «сенин күйөөң аферист» деп көрүнгөндү айта берди. Акыры апамды көндүрүп, мени чакырып алышкан. Апам болсо «кайдагы аферистти таптың эле! Эжелериң сенин күйөөңдүн айынан ажыраша турган болуп жатышат. Кумда изи жок шумпайды ээрчип кете турган болсоң, топурагымды түйүп берем» деп алып калган. Баламды алып төркүнүмө келбесем, топурагын түйүп бере турган. Бир жылдай күйөөм артыман кайра-кайра келип, тажаганда күзүндө үйлөнүп алды. Эми эжелерим баламды “ыйлаак, тентек” деп жаман сөздөр менен урушуп, мени батырбай жатышат. Алар “баланы атасына бер да, башка күйөөгө тий” дейт. Мен кантип уулумду өгөй эненин колуна карматып отура алам? Күйөөм уулума банк аркылуу алимент катары 4000 сомдон салып турат. Ага эч нерсе айта албайм, жадагалса телефон да чала албайм. Анткени эжелеримдин сөзүнө кирип, аларды кыя албай, ажырашкан өзүм. Эми балам менен төркүнүмө да батпай жатам. Бала менен кандай жумушка кирсе болот?

Аргумент.kg