Төрага Нурланбек Шакиев:Конституция куран эмес,мыйзам өзгөрүп туруш керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн парламентте Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу иш-чара өттү. Анда төрага Нурланбек Шакиев Конституция дагы өзгөрүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Ал 30 жыл ичинде Кыргызстандын Баш мыйзамына тогуз жолу өзгөртүү киргизилгенин белгиледи.

«Конституция Ыйык куран эмес, ар дайым өзгөрүүгө дуушар болот. Мезгилдин чакырыктары, талаптары башка. Маселе кайсы багытта өзгөрүп жатканында. Эң өкүнүчтүүсү, коркунучтуусу — Баш мыйзам көбүнчө саясий кызыкчылыктын каалоосуна жараша алмашып келди. Акыркы жолку өзгөрүүдө кыргыз элине ачык талкууга коюп, кандай болорун айттык. Мурда саясий жагы, өлкөнү башкаруу системасы гана өзгөрүп келген. Мурунку президенттер өзүнүн кемчиликтерин премьер-министрге шылтап, каалаган учурда аны иштен алып койчу. Бул жолу Садыр Нургожоевич, тескерисинче, өлкөдөгү оң-терс көрүнүшүнө да мен жооп берем деп бүт жоопкерчиликти алды. Каалайбызбы-каалабайбызбы, ушул Баш мыйзам менен жашап жатабыз, жашай беребиз. Дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Учурдун талбы болсо дагы өзгөрөт, муну да четке кагууга болбойт», — деди Шакиев.

Булак:Аргумент кж

 

Аргумент.kg