Токтошевдин жубайы элге ушинтип үлгү болобу!
15-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваМурдагы ата мекенчи, азыркы тапта «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан парламентке депутат болуп келген Эмил Токтошевдин аялынын фейсбуктагы жосунсуз жоругу элге маалым болду.
Рыскүл Акимжанова аттуу фейсбук колдонуучунун мындай аймактык бөлүү, кемсинтүү менен сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн сынына кабылды. Анын жөн гана бирөө эмес Жогорку Кеңештин депутатынын аялы экендиги элди ого бешбетер кыжырдантты. Атка минерлерге эмне кылса, эмне айтса боло береби? Мунун ордуна бир байкуш болсо капкачан иш козгоп, камашмак деген сөздөр да жок эмес.
Эл ишенип шайлаган депутатыбыздын жубайы ушундай болсо, анда караламан калк кайсы жолдо жүрдү экен. Ушинтип тек үлгү болобу же элге?!
Бурганак Толкунов