Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард кубду түздү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард кубду түздү

01-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

2022-жылдын 1-мартына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 155,6 миллион кубометрди түздү. Мындай маалыматтар «Электр станциялары» ААКнын сайтында берилген.

Былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч 4 миллиард 319,8 миллион метр кубга же 35 пайызга азайган. Жыл башынан бери Токтогулда суунун көлөмү 1 миллиард 955,8 миллион метр кубга азайды.

Бүгүнкү күндө суунун агып кириши секундуна 155 метр кубду, чыгымы 448 метр кубду түзүүдө.

Быйыл кургакчылыктан улам Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп эсептешет айрым адистер.