Токон Мамытов: Баткен окуясы кайталанышы мүмкүн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акыйкатчы Токон Мамытов кыргыз-тажик чек арасын тартипке келтирбесе 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы кайталанышы мүмкүндүгүн айтты.

Ал “Пикир” регионалдык эксперттер клубу уюштурган “Афганистан Кыргызстан жана ЖККУ өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан фактор катары” аталышындагы конференцияда сүйлөдү.

“Биринчиден, чек аралардын коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыздашыбыз керек. Ошондой эле Панжшерге да, Кабулга да, жадагалса тышкы күчтөргө да баш ийбеген куралдуу топтордун аракеттерин көзөмөлдөшүбүз керек. Алар өтө коркунучтуу, каалаган тышкы күчтөр бизге каршы колдонушу мүмкүн”, — деген Мамытов.

Ал кыргыз-тажик чек арасын бекемдеш керектигин белгилеген.

“Бул жакта абал жакшы эмес. 1998-жылы биздин батальон чыгарылгандан кийин согушкерлерге жол ачылып, аймакка баш бага баштаган. Эгерде чек араны тартипке келтирбесек окуя кайталанып, оор абалга кептелишибиз мүмкүн”, — деген Мамытов.

1999-2000-жылдардын жай айларында жүздөгөн террорчу Кыргызстандын түштүгүнө кирип, бир нече айылды басып алган.

Аргумент.kg