Токол болуу бакытпы? Күйөөм берген үч талактан кийин сүйүүмдү таптым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен дагы ичимдеги муңумду чыгаргым келди. Күйөөм менен беш жыл жашап, ажыраштык, ортодо бир балабыз бар. Урушуп кетип ачуу үстүндө “үч талак” деп жообумду берип койду. Үч талактан кийин мен ата-энемдин жанына келе бердим. Ажырашканыбызга алты айдын жүзү болду. Азыр бир адам менен мамилем жакын болуп жүрөт. Анын аялы, эки баласы бар. Бирок мага болгон мамилеси арбап алды. Колунда бар адам. Мени “экинчи аял кылып алам” дейт. Аялы баарын билет. “Жакшы аял тапсаңыз каршы эмесмин” деп макулдугун да билдириптир. “Аялым макул” дегенде ишенбей койдум эле, “мына, жанымда отурат” деп экөөбүздү видео чалуу менен сүйлөштүрдү. Ыймандуу аялы бар экен. Мен ал кишиге ишенем, бири-бирибизди сүйөбүз, жакшы, ыймандуу адам. Менде да, анда дагы анча-мынча кемчиликтер бар. Мүнөзү бир топ эле оор…

Менин айтайын дегеним, эми күйөөм чалып, “жолун таап жашайлы, ортодо балабыз бар, кел” деп атат. Азыр ара жолдо турам. Күйөөм менен жарашсамбы же жаңы жашоо баштап көрсөмбү? Экинчи аял болгондор, кандай кеңеш бере аласыздар?

 

Айым  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg