Токмоктун мэри Урмат Самаев менен вице-спикер Жамиля Исаеваны эмне байланыштырат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Канат Исаевдин жубайы Жамиля Исаева «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен депутат болуп келди. Кечээ депутаттардын колдоосу менен вице спикерлик  креслонун бирөөсүн ээледи. Эскерте кетсек, Жамиля Исаева мурдагы депутат Канат Исаевдин жубайы болот. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, 23-октябрда экөө расмий түрдө ажырашкан.Коомчулукта , Жамиля айымдын вице спикер болушу бир топ талкуу жаратууда. Ии баса, бул айымдын депутат болушуна Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев абдан чоң колдоо көрсөтүптүр. Мындан улам, бул эки адамды эмне байланыштырат деген суроо туулат? Эмнеси болсо да, Жамиля айым  элди ойлогон , эл үчүн иштеген патриот депутат болсун…

Ачык саясат гезити

Аргумент.kg