Токмок жеген бала депутат Жаныбек Абировду кечирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров сабаган жаран, тосмо арызын жазып, кечирди. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Анын айтымында эки тарап бири-бирин кечиришкенинен кийин окуяны кайратан козутуунун кажети жок. Мындай жагдайга ар бир жаран кабылып калышы ыктымал.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган.

Жабырлануучу Октябрь РИИБине ден соолугуна залал келтиргендерге чара көрүп берүүсүн суранып, арыз менен кайрылган жана Улуттук госпиталга баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен жаткырылган.

Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.

Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылган.

Кечээ, 14мартта Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген.

Ал эми бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети башкы прокурордун сунушу менен депутат Жаныбек Абировго кылмыш ишин козгоого макулдук берүү боюнча атайын депутаттык комиссия түздү.

Аргумент.kg