Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Ал Яндекс Go кызматынын иштөөсүнө каршы чыгып, ишкананын өкүлдөрүн коркутууга алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-февраль күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 26-февралда болжол менен саат 16:00дө белгисиз 6-7 жаран (өздөрүн Токмок шаардык администрациясынын өкүлү деп тааныштырган) Токмок шаарында жайгашкан «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылган.

Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар Яндекс Go’дун Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан. Чүй ОИИББнын тергөө кызматында болгон тергөөнүн жыйынтыгы менен 9-март күнү Токмок шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Ч.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Тинтүү учурунда газотравматикалык тапанчанын октору табылды. Учурда тергөө уланууда

Аргумент.kg