Токаев: Мен Казакстанды таштап, эч жакка кетпейм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 5-январь кечинде казакстандыктарга кайрылуу жасады.

Токаев мамлекеттик телевидение аркылуу түз эфирге чыгып, Казакстандын коопсуздук кеңешинин төрагасы болгонун жарыялады. Буга чейин бул кызматты туңгуч президент Нурсултан Назарбаев аркалап келген. Токаевдин айтымында, Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын өткөрүп берип, отставкага кеткен.

«Президент катары мен жарандарыбыздын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыздап, Казакстандын бейпилдигин сакташым керек. Мен бул боюнча бир топ чараларды кабыл алдым», — деп айтты.

Ошондой эле ал өлкөнү таштап кетпей турганын жарыялады.

«Кандай болгон күндө да мен борбор калаада каламын. Калк менен бирге болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы бул «кара күндөрдөн» сиздер менен биргеликте мындан да күчтүү болуп чыгабыз. Тез арада саясий трансформациялар боюнча өз сунуштарымды айтып чыгамын. Реформаларды колдоо боюнча өз позициямда калам», —  деп кошумчалаган казак президенти.

Токаев буга чейин казак өкмөтүн отставкага кетирген. Ошондой эле парламентти мөөнөтүнөн мурда таратты. Мындан сырткары Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Карим Масимов кызматтан алынып, анын ордуна Эрмек Сагимбаев келди. Сагимбаев буга чейин президенттин коопсуздугун камсыздаган мамлекеттик коргонуу бөлүмүн жетектеген.

Булак: Маралфм

Аргумент.kg