Токаев элдик фонд түзүп ага ири ишканалар салык төлөрун билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Казакстанда элдик фонд түзүлүп, ал сейрек оору менен алышкан балдарга, талантту өспүрүмдөргө жумшалмакчы. Бул тууралуу президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Токаевдин айтуусунда фонд саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык колдоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү менен алектенет. 

«Мисалы, сейрек кездешүүчү ооруларга чалдыккан балдарга жардам берүү менен, анткени дарылоого кеткен чыгымдар көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн өтө кымбат. Биз таланттуу балдарга жардам көрсөтөбүз, маданиятты колдойбуз, Алматынын коркунучтуу трагедиядан айыгышына жардам беребиз. Бул фонддон каза болгон полиция кызматкерлери менен аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө көмөк пул берилип турат. Милдеттүү салымдар лотереялык ишмердүүлүктүн бардык операторлоруна, букмекердик борборго жана башка монополисттерге багытталат. Фондго ири бизнестен үзгүлтүксүз жана олуттуу салымдарды күтөбүз. Казакстан элине сый-урмат көрсөтүп, аларга системалуу жана узгултуксуз жардам берүүгө убакыт келди.  Мамлекет ишканалардын киреше чыгашасын эсептегенден кийин алар менен макулдашунун негизинде фондук чегерүү көлөму чечилет », — деди Токаев.

 

Аргумент.kg