«Тойдун ордуна аза күттүк»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен бул эже менен капыстан таанышып, сүйлөшүп калдым. Алтынбүбү эже «кырсык болбогондо келиниме дайындап койгон ак жоолугумду салып, балам экөөнүн жетелешип жүргөнүн көрүп эзилип отурбайт белем» деп кеп баштады.
– Баламдын Москвада жашап, иштеп жүргөнүнө быйыл 5 жылдан ашты. Айка аттуу кыз менен таанышып, кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүнө 5 жыл болгон эле. Баламдын айтуусу жана сүрөттөрдөн көргөнүм боюнча Айка – ак жуумал, узун бойлуу, тириликке бышык, ак көңүл, жароокер жан. Экөөнүн бири-бирине назданып, эркелешип түшкөн сүрөттөрүн көрүп, буюрса, жакшы келиндүү болот экем деп ичимден кымылдап алчумун. Анан быйыл жайында балам экөө баш кошмок болуп, той 4-августка белгиленди. Тойго кызуу даярдана баштадык. Ак жоолуктарды ушунчалык көп топтогон экенмин, келиниме кайсынысын салам деп башым адашып жатып акырында чоң, апакай, үлпүлдөгөн кооз жоолукка токтолдум.
Тойго 2 апта калганда балам биз менен акылдашып, Москвадан үйлөнүп, дос-жоролоруна чай беришти. Айылга болсо 4-августта келмек болушту. Бирок биз күткөндөй боло бербеди. Тойго 1 апта калганда кокустан балам чалып, «апа, келиниңизден айрылып калдык. Кыздар менен сууга түшкөнү барып…» деп буркурап ыйлап жиберди. Бүткөн боюмду калтырак басып, оозума сөз кирбей калды. Ошентип, ата-энесиникине Айканын сөөгү да келди, кайгыдан арыктап, өңү кубарган балам да достору менен келди.
Баламдын айтуусу боюнча окуя мындай болуптур. Ошол кырсык болор күнү балам жумушка кетип жатып, Айкага «эч жакка барба, үйдө эле бол, мен эрте келип калам» деп улам-улам дайындап, анан кетет. Түш ченде Айканын курбулары келип, «сууга түшүп келели» дешет. Акыры анын болбос оюна коюшпай алып кетишет. Анан сууга түшүп жатканда кокустан келиним агып кетип, табылбай калат. Сөөгү табылган соң үйүндөгүлөргө кабар берилиптир.
Ошентип, той болбой калды. Тойдун ордуна 4-август күнү Айканы акыркы сапарга узатып, ыйлап турдук, аза күттүк. Дал той болор күнү…
Ата-энесинин кайгысына кара жер зорго түткүдөй. Мени «кудагый» дешсе, ыйлап токтоно алсамчы. Баламды кучактап, «ажал болбогондо күйөө бала деп сыйлашып отурмак элек» деп буркурап ыйлашты. Тойго абдан даярданышкан экен, ошонун баары акыркы зыйнатына кетпедиби. Таш боор ажал, ай…
Арадан күндөр өтүп, бир күнү балам: «Апа, билесизби, ошол кырсык болордон мурунку түнү уктаган эмеспиз. Айка экөөбүз келечегибиз тууралуу кыялданып, досторго той тууралуу кабарлап, балкондо таң атырдык. Ошондо Айканын ушунчалык жылдыздуу экенин дагы бир ирет баамдап, ичимден көз тийбесин деп койгон элем. Эртеси эртең менен негедир жумушка бутум тартпай, улам кылчактап, ага «эч кайда барба» деп кеткем. Анан түштө эле суук кабарды айтып жатышпайбы»,- деди.
Айканын кыркылыгы өткөн соң балам Москвага кетти. Кетерде «апа, эми мен андай жанды таппайм го. Ансыз эми жашоом кандай болот? Аны унута албайм го» деп ыйлады. Айла жок «балам, жакшылап иштей берсең, жакшылыктар көп болор» деп жубата узатып кала бердим.
Ушуларды айтып жатканыма кечиргиле, балам, болбой калган куда-кудагыйлар, Айка. Муну айтпай тура албадым, ичиме батыра албадым. Тагдырга нааразылыгымды айтпай коё албадым. Айка, сенин жаркын элесиң дайыма эсибизде. Ушул эскерүүм сага гүлдесте болсун!
Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg