Тогузда окуган кызымдын курбусу төрөйт дейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен учурдагы энелердин жүрөгүн өйүткөн көйгөйдү жазгым келди. Эки кыз бир уулум бар. Улуу кызым тогузунчу класста окуйт. Биринчи класстан бери чогуу дос болуп жүргөн курбусу үйгө көп келчү. Кыздын апасы жети жылдан бери Москвада иштейт. Апасы алыста болсо деп аяп дайыма кызыман сурап турчумун. Акыркы жарым жылдан бери ал кыз үйгө келбей калды. Кызыман сурасам билбейм деп койгон. Экөө таарыныша кеткен го деп жоруп койгом. Жакында эле телефонумда бирдигим док калып кызымдын телефонунан бирөөгө чала калайын деп кызыма вотцаптан келген катты окуп калдым. Анда алты ай болуп калды аборт болбойт деп айтышты деген кат экен. Жүрөгүм шуу дей түштү. Телевизор көрүп квпарсыз отурган кызымды кухняга сүйрөп кирип телефондогу катты көрсөтүп ачыгын айт дедим. Кызым жер карап мен эмес апа курбум деди. Көрсө ал кыз чогуу жашаган бөлөсү менен балээ болуп, андан кийин кыз башкалар менен басып калган дейт. Сабакка да көп келбей калды дейт. Ащыр алты айлык боюнча бар экен жеке дарыгерлерге барса баары башттартып баланы албай жатыптыр. Ошону уккандан бери жаным жай таппай жатат. Мугалимине жолуксам акыркы кезде жүрүм-туруму бузулду дейт.
Апалар кыз баланы таштап акча табам деп кызды жоготпой жанында брлгулачы. Ишенип тууганыңдын үйүнө койгонуң менен ал жакта ал кыз эмне күн көрүп жатат?

Аргумент.kg