Тогуз жылдан кийин тизелеп кечирим сурап келет деген аялыма чалып ыйладым

Тогуз жылдан кийин тизелеп кечирим сурап келет деген аялыма чалып ыйладым

20-үчтүн айы, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева
Кур намыс менин үй-бүлөмдү бузду. Баарына кур намыс күнөөлүү. Жок, баарына өзүм
күнөөлүмүн.
Кетип жатканда токтотподум. «Жашай албай тизелеп келесиң! Ошондо кабыл аламбы же жокпу ойлоном! Уктуңбу!» Өзүмдү баатыр сездим. Балдарды дагы алып калбадым. Бага албай
жалдырап келишин кааладым. Кара мүртөздүк жаным ай…
Бир ай болуп калды. Кабары жок. Мен дагы чалбадым. Барбадым. Балдардан дагы кабар албадым. Апамдын «өкүнүп калба, балдар керек» деген сөзүн укпадым. Байкем «чоңойгондо
балдарың сени жек көрөт» деди. Урушуп кеттим. Жүрөгүмдүн түбү ачышып жатты. Туура эмес
кылганымды сезип жаттым.
Апам чалып неберелери менен сүйлөшүп жатты. «Атаңар жумуштан бошобой жүрөт» деп мени
актады. Ачууландым. Менин атымдан белек берип жибергенин билип, эки эсе ачууландым.
Уруш чыгардым.
Эки жыл өттү. Аялым келбеди. Мен дагы өчөшүп жүрө бердим. Бир күнү тизелеп келет дедим.
Балдарды бага албай жалдырайт дедим. Келген жок. Жылдар өтүп жатты. Чачымды ак баса
баштады.
Алты жыл өттү. Алыстан уулумду көрдүм. Чоң жигит болуп калыптыр. Денемди калтырак
басып кетти. Ыйлагым келди. Чуркап баргым келди. Бирок ага чоочун экенимди билдим. Уулум
кычырап кийинип алыптыр. Демек, апасы жакшы багып жатыптыр. Жок, баары бир тизелеп

келет.

Тогуз жыл өттү. Тизелеп келген жок. Кызымды сагындым. Кечээ апамдын телефонун алып
номерин жазып алдым. Кечинде бекинип кызыма чалдым. Үнүн угарым менен коюп салдым.
Ыйлап жибердим. Буулугуп таң атканга чейин ыйладым. Мен эмне кылып койдум. Эртең менен
эч нерсе болбогондой жумушка жөнөп кеттим.
Келбеди. Аялым тизелеп келбеди. Балдарды сонун кылып багып алды. Бутуна туруп алды.
Менин кыялдарым орундалбады. Жаман кыялдарым орундалбады. Кечээ чалдым. Балдар
менен сүйлөшсөм болобу уруксат сурадым. Уялганымдан жерге кирип кетейин дедим.
Балдарым менен жолугушууга баратам. Түнү менен уктабай чыктым. Ыйлап чыктым. Эмне
дейм деп толкунданып чыктым. Аялыма рахмат, мен жөнүндө бир дагы жаман сөз айтаптыр. Алыста жумушта жүргөн деп коюптур. Ыраазы болдум. Көргөзбөй деле койсо болмок, мен
ошого татыктуу болчум. Уруксат бергенине рахмат.
Балам менен кызым белгиленген жерде туруптур. Экөө тең кудум мага окшош. Мени көрүп
чуркап келишти. Тизелеп катуу кучактадым. Үчөөбүз тең ыйлап жаттык. Акылсыз атаңарды
кечиргиле…