Тимур Саралаев, Эл аралык өнүгүү жана саясат агенттигинин директору: «Таарынган, кекчил достун өч алуусун канаатандырыш керек да…»

Тимур Саралаев, Эл аралык өнүгүү жана саясат агенттигинин директору: «Таарынган, кекчил достун өч алуусун канаатандырыш керек да…»

23-баш оона, 2018-ж // //

— Адатынча, күзүндө саясий кырдаал курчуй түшөт эмеспи? Жакындап калган күзүндө саясатта кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Митинг, пикет, нааразычылык акциялары болушу ыктымалбы? Андай акцияларды ким баштап чыгышы мүмкүн, бош турган оппозициялык талааны кайсы саясатчылар ээлейт?
— Туура, күздө кырдаал күчөйт деген ар түрлүү миш-миштер айтылып жатат, аны мен дагы угуп жатам. Ал ушактарды кимдер таратып жатканын да мага маалым, көпчүлүк деле билет. Ал “Форум”. Аттан түшпөсө да ээрден түшкүсү келбейт демекчи, сыйы менен кеткен мурунку башкармалар азыр толугу менен туруктуулукка карама каршы иштерди баштачыдай болуп турат. Ошол үчүн маалыматтык мейкиндикте алар медиа булактарды сатып алып жатышат, маселен ошол эле “D” телеканалы, андан тышкары рейтинги жогору интернет ресурстарга жана айрым гезиттерге акчаларды мүшөктөп жатышат. Эмнеге акча төлөп, телеканалдар менен редакцияларды жана айрым НПОчуларды сөөгү менен кошо сатып алып жатышат, деген өзүңөргө суроо берип көрсөңөр? Албетте даярдык көрүп жатышат, ал даярдык 2020 жылдагы боло турган парламентке шайлоого эмес, ал болгону гана таарынган кекчил достун өч алуусун канааттандырыш үчүн. Франциянын королу болгон Людовик XV, ал айтты эле – менден кийин мага десе суу каптап кетсин, деген. Мына ошол сыяктуу ойлонгон адамдар бар саясатта, тилекке каршы алар бийликте турганда бир топ туура эмес иштерди кылышты, эми алар жөн жатпай, коопту кырдаалдарды жаратканга кам көрүүдө. Ал сезонго карабайт, балким күз, балким кыш, балким бийликтин каталары болуп калышы ыктымал.
Булак: «Майдан.kg»