ТИМ казакстандагы мекендештерди сыртка чыкпоосун билдирди
06-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваКазакстандагы башаламандыктан улам Тышкы иштер министрлиги мекендештерди жашаган өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, чыр-чатактарга катышпоого, эл көп чогулган жерлерден алыс болуусуна чакырык кылды.
Ошондой эле мекендештерде чукул муктаждык болуп калса Казакстандагы Элчилик жана Алматы шаарындагы Башкы консулдуктун төмөндөгу телефон байланышы аркылуу кайрылууга чакырды.
+7 777 815 00 72 Кайрат Жакыпов;
+7 777 037 14 48 Гулзат Абдурасулова;
+7 777 027 55 96 Жаркынай Сансызбаева;
+7 775 463 42 95 Медер Сапаралиев.
Мындан сырткары кыргыз-казак өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат.Мекенине кайтууну каалаган Кыргызстандын жарандары чек арадан ээн-эркин өтө алышат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык жарандары жана кыргыз-казак чек арасынан өткөн чет элдиктер үчүн ПЦР анализдерин милдеттүү тапшыруу талабын алып салуу чечими кабыл алынды.
«Учурда министрлик жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттары аркылуу Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо менен алектенүүдө», — деп билдирди ТИМ.