Тилек Токтогазиев: Системаны сындырыш үчүн күрөштүн жолун тандадым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 
Тилек Токтогазиев — “Ата Мекен” партиясынын эң жаш, ошол эле учурда көптү үмүттөндүргөн талапкери. Отузга кире элек жигит өкмөт жасай албаган иштерди жасап койду. Ал пандемия менен күрөшкө зор салымын кошуп, республиканын ооруканаларына 700 кычкылтек станциясын орнотту. Бул миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калды.
Негизи Тилекти жалпы коомчулукка тааныткан окуя былтыр май айында жүз берген. Эсиңиздерде болсо, айыл чарба министри Нурбек Мурашиев эл ичиндеги чоң нааразылыктан кийин жумуштан кетти. Тилек ошон кезде бош турган орунга өзүн-өзү көрсөтүп, элдин назарына илинген болчу. “Биздеги миңдеген дыйкандардай эле өзгөрүүлөрдү күтө берип чарчадым. Мен кантип реформа жасоону билем», — деп Тилек системага, бийликке чакырык таштаган. Жогорку Кеңештеги партиялар жаш, дымактуу жигитти колдогон менен, айыл чарба министрлигине башка адам келди. Тилекти министрдин орун басары кызматына чакырышканда, ал баш тарткан.
Токтогазиев жөн жерден эле айыл чарба министри болом деп чамынган эмес. Ал — белгилүү эко-активист. Бир нече жылдан бери айыл чарбасындагы ири долбоорлор менен алектенет. Күнөсканаларды куруп, өз тажрыйбасы менен бүт өлкө аймагындагы дыйкандар менен бөлүшкөн. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган бир нече ыктыярдуу уюмдардын негиздөөчүсү. Кадимки кыргыздын боз үйүнүн негизинде күнөскананын жаңы технологиясын ишке киргизип, бул ыкмага азыр чет өлкөлөрдөн да кызыккандар көп.
Жаратман ишкер, жарандык активист отузга толор убагы, ордо бузар курагында чоң саясатка аттанды.
“Акыркы жылдары жакын адамдарымды биринин артынан бирин жоготтум. Мартта атам кайтыш болду. Анын ден соолугу таптаза болчу. Жыл башында кокустан эле ыкчам медициналык жардамга муктаж болуп калды. Бирок Бишкектеген кесипкөй адистерди да, заманбап жабдууларды да таба албай калдык. Убакыттан уттурганыбыз аз келгенсип, дарыгерлер тарабынан өтө чоң каталар кетиптир. Муну Түркиядан билдик. Биздин медицинадагы крзисти ошондо аңдадым. Саясатка аттануума бул бир себеп болду. Экинчиден, Кыргызстандагы күнөсканалардын ассоциациясынын башчысы катары кошуна өлкөлөрдүн контрабанда
жолу менен ташылып келе жаткан жашылча-жемиштер тууралуу маселе көтөрдүк. Президентке, Жогорку Кеңешке кайрылдык, майнап чыккан жок! Аткаминерлердин эч бирин биздин көйгөйлөр кызыктырбай турганы, алардын өлкө келечегине кайдыгерлигинен чарчадым. Биз системаны сындырмайын, дагы көп нерсени жоготорумду түшүндүм. Кетип кала албайм. Күрөшүү жолун тандадым”, — дейт Тилек. Тилек Токтагизев депутат болуп шайланып келсе, агрардык комитетте алгылыктуу кадамдарга барып, айыл чарба, суу тармактарында реформа жасап, бош жаткан жер тилкелерин кайра иштетүүнү колго алууга даяр. Кыргыз жерлеринин түшүмдүүлүгүн кайтарууга басым жасайт. Үстүртөн суугаруудан баш тартып, аны башка ыкмаларга, мисалы, тамчылатып, бүркүп суугарууга алмаштыруу, айыл чарбаларын экологиялык таза азык-түлүктү өндүрүүгө шыктандыруу – талапкердин көздөгөнү.
4-октябрь шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!
“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.
Чыгарылган күнү: 02.10.2020

Аргумент.kg