Тил жоголсо улут жоголот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМде “Улут наркы – улуу тил” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында 2022-жылдын 25-февралында ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн демилгеси менен Эл аралык эне тил күнүнө карата “Улут наркы – улуу тил” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун расмий бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адыл Бийбосунов куттуктоо сөзү менен ачып, келген конокторго ИИМдин ведомстволук сыйлыктарын тапшырып, ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча мындан ары да кызматташтыгыбыз бекемделе бермекчи деген жылуу сөздөрүн айтып өттү.
Аталган тегерек столго Республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти Р. Курбанов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улутттук комияссиянын башкы адиси К.Жакыбалиев, Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун мамлекетттик тил боюнча проректору А.Шаршенбаев, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору А. Сатиев, Коргоо министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, полковник У.Чанов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматтарынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кызматкерлери катышты.
Эл аралык эне тил күнүнө карата жыйынтыктоочу иш-чаранын жумушчу бөлүгүндө чакырылган коноктор жана ИИМдин түзүмдүк бөлүктөрүнүн мамлекеттик тил боюнча адистеринин катышуусунда ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу кеңири талкуу болду. ИИОдо жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасынын профессору, милициянын майору К. Шүкүров жана Бишкек ШИИББнын мамлекеттик тил боюнча улук тескөөчүсү, милициянын подполковниги А. Чолпонбаевалар кеңири баяндама жасашты. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улутттук комияссиянын башкы адиси К. Жакыбалиев мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн ИИМдин Басма сөз кызматынын эки кызматкерине “Кыргыз тили” төш белгисин тапшырды.
ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А. Орозакунов иш-чараны жыйынтыктап жатып, келген меймандарга жана иш-чаранын катышуучуларына ИИМдин Башкы штабынын жетекчилигинин ыраазычылык каттарын тапшырып, ар бирине ийгиликтерди каалап өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Аргумент.kg