Тик-ток тарткан Аида Исатбек кызы депутат кесиптештерине «көө» жапканда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акыркы жылдары парламент депутаттары цирктеги жоруктардан кем калышпай, ар кимиси акыл парасатына жараша таанылып жатышат. Маселен, Аида Исатбек кызы тик-ток тартып, жеңил-желпи көрүнүшү менен коомчулукка таанылып, кыйла сындар жаады. Депутат деген олуттуу мыйзамдарды жазып, көйгөйлөрдү көтөрүп, элдин үнүн бийликке жеткизип туруу керек. Негизги милдеттери ушулар.

Ал эми Аида Исатбек кызы акчанын күчү менен мандатка жетип алып, жарытылуу маселе көтөрө албай, деңгээли тик-ток менен өлчөнүп калганы өкүнүчтүү. Бул айым бүтүндөй кесиптештерине «көө» жаап жатканын түшүнөбү?

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg