Тентишевдин “алты” сому үчүн элди алдаган туура эмес…

Кечээ күндөн бери Ахматбек Келдибеков рейдерлик жол менен Кант шаарындагы Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институтун басып алып жатыптыр деп “кыйкырып” чыгышты. Ахматбек Келдибековдон коркконунан эле жубайын аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрүнүн бири катары киргизип алгыдай Тентишев ушунчалык эле суу жүрөкпү? Калпты да окшоштуруп анан кичине болсо да далилге негиздеп айтыш керек. “Чабал өрдөк мурда учат” дегендей кечээтен бери Тентишев дагы канча калп айтат экен деп мыйыгыбыздан жылмайып гана күтүп отурдук. Эми урматсыз ушакчылар угуп алгыла!

Биринчиден бул окуу жайды түптөөдө бир эмес 3 адам негиздөөчү болгон. А эмне үчүн Тентишев негиздөөчүлөрдүн бири Бейшеке Курманалиев боюнча ооз ачкысы келбейт? Же Курманалиев каза болгондон кийин анын да колунда жасалма коюп, аны да түптөөчүлөрдүн катарынан чыгарганы үчүнбү? Бул боюнча дагы али сөз алдыда болот!

Экинчиден, 2012-жылы Азия медициналык институту жабылсын деп чечим чыгып, Келдибековдун суранычы менен жабылбай калган. Бул боюнча Ахматбек Келдибековко каршы канча деген сөздөр айтылып айрым душмандары россиялык басылмаларга чейин бергенге үлгүргөн. Анан Тентишев бүгүн кантип бир тыйын салымы жок деп атат? Ошондой эле биз аталган окуу жайын түптөөдө ким канча акча каражатын сарптаган, ошол маалда ким канча акча бергенин да Тентишевге далилдеп берүүгө кудуретибиз жетет.

Ал эми Тентишев 2013-жылы СДПК партиясынын тизмесинде туруп, өз лидери Алмазбек Атамбаевди жамандап, Аида Токтоматова аталган окуу жайды негиздөөчүлөрдүн катарынан чыктым деген “жасалма” кат берип турсун мен Атамбаевге эле көрсөтүп алдап турбасам мени кысып атат деп жалдырап келип, атайын келишимдин негизинде Атамбаевге кат алып кетет. Бирок, Тентишев жанын жеп жаткандай ал кат эч кандай нотариус менен күбөлөндүрүлгөн эмес. Ал эми Тентишев Адилет министрлигине алып барган кат бул жасалма! Бул боюнча атайын экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгы чыккан. Ошондой эле Тентишев жасалма документ жасагандыгын укук коргоо органдарына жана Аида Токтоматова менен жеке көздөштүрүү болгондо жеке нотариус Сакиев дагы моюнуна алды. Бул иш ЕРППга катталып, Тентишевге Аида Токтоматованын жасалма колун коюп документ жасап берген жеке нотариус Сакиевге кылмыш иши ачылган. Тентимишев сүйүнбөй турсун, анткени жасалма документ жасатканы үчүн ал сөзсүз укук коргоо органдарынын алдында жооп берет!

Ошондой эле далилсиз эптеп пост жазып, жалган маалымат таркатып, коомчулукту адаштырууга түрткөн блогерлерге да атайын мыйзам бар экенин эскертебиз…

Ал эми Эркин Тентишевдин кантип жасалма жол менен дипломдуу болгонун, Чүй облусунун губернатору болуп турган убакта Тентишевди жамандап жазган адамдардын тизмесин Дөө Чыңгызга жөнөтүп, Дөө Чыңгыз кантип коркуткандарын, ал гана эмес Дөө Чыңгыздын адамдарын кантип, кайсы кызматтарга жайгаштыргандарын мен бүгүн айрымдарга окшоп ушак менен эмес далил менен “сайрап” бергенге кудуретим жетет! Ошон үчүн Тентишев жана анын “командасы” төшөгүнө карап бутун сунуп жүрсүн!

Р.S: Төмөндө Тентишевдин алдамчы, ал эми анын коргоочу “командасы” ушакчы экенинин далили катары экспертиза кызматтынын жана Тентишев Адилет министрлигине кандай жасалма документ алып барганын коюп койдук!

Аргумент.kg