Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы менен Кумтөр да кыйроого баратабы?

Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы менен Кумтөр да кыйроого баратабы?

12-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Учурда Кумтөрдүн иши кандай жүрүп атат? Бул жагы коомчулукка белгисиз. Бизге жеткен маалыматтан алсак, автотетиктер чет өлкөдөн убагында келбей, жумуш ыргагы солгундай баштаган. Кен казган машиналар бузулуп, аларды оңдоо кыйынчылык жаратып, соңку убакта кризистик абалдын коңгуроосу кагылдыбы? Кумтөрдү иштетүүдө баардык муктаждыктар убагында чечилбесе, бара-бара кыйынчылыктар жаралып, кыйроого кептелери шексиз. Эске салсак, Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдү жетектеп турганда, мындай көйгөйлөр жаралган эмес. Ал дээрлик автотетиктерди убагында чет өлкөдөн алдырып, ырааттуулукту сактай алганын катардагы жумушчулар айтышууда.

«Азия Ньюс» гезити