Темирлан Султанбеков эртелеп эле президент болууну кыялданганда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ораторлугу, саясый ыкмаларды мыкты жасай турганы менен элге таанылган. Билимдүү, бирок аткаруу кызматында тажрыйбасы жетишсиз. Жаш да, дагы такшалат, өсөт. А эң кызыгы, Темирлан мырза саясатка өтө сугарылып, амбициясы ашынып, президент болууну баскан-турган жеринен эле айта бергени кандай? Иралды аткаруу кызматтарында иштеп, көзүн каныктырып, тажрыйба топтошу керек. “Чабал өрдөк мурда учат” дегендей, азырынча ашыкпай турганы оң. Убактысы келгенде бышып жетилет да. Азырынча эрте. Саясый оюндарга ашкере азгырылып кетүү да оору экенин эскертип коймокчубуз. Бул жагынан өзүн колго алып, тизгинин тарта жүргөнү эп. Сыркоолобой…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg