Темирлан Султанбеков: Бардык лидерлер коркуп качкан учурда, бизге бир гана Камчыбек Ташиев кол сунган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбекова УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кечирим тууралуу жазган постунда жооп жазды. «Камчыбек Ташиевдин кечире билиш керек деген постун окудум. Баары билет, мен көбүнче бийликти, анын ичинде Камчыбек Ташиевди да кескин сындап келем, негизи менен, албетте. Бирок бул жолу мен Ташиевдин постуна коомчулуктун реакциясынын 99 пайызы негатив болгонун көрүп таң калдым. Камчыбек Ташиевдин өзүм күбө болгон жакшы жактарын айтууга убакыт келди окшойт. Камчыбек Ташиев биринчилерден болуп ушундай жакшы, жаратуучу, бириктирүүчү пост жазды, мен дагы 100 пайыз жакшы жана 100 пайыз жаман адамдар болбостугун жазгым келип жатат. Биз баарыбыз күнөө жасагандарбыз, Ташиевдин биз дайыма Кудайдан коркуп, абийир мыйзамына каршы турбашыбыз керек деп жазганы жакты. 2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында А.Ш.Атамбаев жана С.Н.Жапаров түрмеде отурган кезде биз биригишибиз керек деп ойлоп, «Реформа», «Республика», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы» жана «Мекенчил» партиялары менен бийликке каршы түрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү уюштурдук. Партиялардын лидерлеринин баары дароо баш тартышты, анда биз менен биригүүдөн баары коркушчү. Лидерлердин арасынан бир гана Ташиев борбордо эмес экен, бирок ал өзүнүн өкүлүн жиберди, ал болсо «Мекенчил» партиясынын тизмесине чакырып жатканын, биринчи ондукка киргизерин айтты. Бирок биз үчүн өзүбүздүн желегибиздин алдында баруу маанилүү болчу. Ошентип, биригүү ишке ашкан жок, бирок элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн дайыма аракеттенүүнү келиштик. 2020-жылы «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» өздөрүн жер үстүндегү Кудай сезишчу, а биз эл душманы болуп аталып калганбыз, бир гана «Мекенчил» партиясы биз менен кызматташууга жана биригүүге макул болду, мен муну эч убакта унутпайм. Андан башка да Ташиев өзүнүн позитивдик мүнөзүн көрсөткөн көп убактар болду, биринчи жолу ал тууралуу жакшы пикирлерди мектепте окуп жүргөнүмдө, ал болсо ӨКМ министри кезинде уккам, менин таежем ӨКМда иштечү, ошондо бул министрликти Бишкектен Ошко которушту. Таежем Ошко иштегени кетти, ошол жакта Ташиев баарына түндүктен келгендер гана батир алаарын айтыптыр. Ташиев трайбалист деп кеп айтышат, мен ага кошулбайт элем, ал кишиде акыйкаттуулук түшүнүгү бар. Айта турган болсом сөз көп. А бүгүн эмнени айткым келип жатат? Бүгүн мен Камчыбек Ташиевдин кечээги постун колдогум келет. Бийликтеги адамдар өзүн өзү контролдоо сезимин жоготуп алышат, алар кеп нерсени түшүнө алышпайт, аларды туура эмес маалыматтарга суугарышат. Бирок мындай сөздөрдү буга чейинки бийликте отургандардын баары эле, бийликте турган кезинде жаза алышкан эмес. Эсине келүүгө, каталарын ондоого эч убакта кеч эмес. Оппозиция дагы Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган бийликке карай кадам ташташы керек, эгер алелкөбүздүн өнүгүшү үчүн улуттук биригүү процессине даяр болушса! Бийлик жана оппозиция бирин бири жок кылуу үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн конструктивдүү иштөөнү билиши керек!» — деп жазды Темирлан Султанбеков.

Аргумент.kg