Темирбек Асанбеков Садыр Жапаровду жылкы союп тосуп алды

Темирбек Асанбеков Садыр Жапаровду жылкы союп тосуп алды

22-бештин айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

“Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков акыркы саясий окуяларда активдүү катышып келген. Алсак октябрдагы төңкөрүштө жаракат алыптыр деп анын сүрөттөрү да жарыялынап, бирок бир да жолу массалык маалымат каражаттарына бул тууралуу жооп берген жок. Бир топко чейин анын ден соолугуна кабатыр болгон калк шайлоонун шарапаты менен Асанбековду социалдык баракчалардан издебей калышкан. Көп өтпөй Садыр Жапаровго кол сунуп,жада калса  жылкы союп Көлдүктөрдү чакырып жердешчи  Садырды колдогонун тар чөйрөдө айтып чыккан. Буга ар ким ар түрдүүчө карап кээси анын өздүк баракчасына: “Темирбек Асанбеков эмнеге Садыр Жапаровду колдоп кеттиңиз. Сиз өзүңүз мыйзамсыз иштерди кылганына каршы болуп жүрдүңүз эле го. Үмүт кыймылы эмне болду? Өз позицияңызда калсаңыз жакшы болмок. 5-октябрдан бери канча мыйзамсыз иштер болуп жатат. Мөөнөтү бүткөн депутаттар отурат. Жок дегенде баштаган ишиңиздин аягына чейин күрөшсөңүз болмок. Эгер сиз таза адам болсоңуз эч нерседен коркпошуңуз керек эле. Күрөшөм деген адам аягына чейин күрөшөт” -деп өзүнүн пикирин да калтырган.

“Үмүт” кыймылын таштап шайлоого келгенде Садыр Жапаровду жандаганы бийликке умтулуу деп түшүнсө болобу айтор жакынкы арада Ысык-Көлдө Жапаровду тосуп алууга камданып жатат деген имиш кептер жакын адамдарынан угулуп жатат. Эмнеси болсо да бир ууч элди чилче таратпай, бир муштумдай түйүлүп элдин эртең үчүн бир кайыкта болуу ар бирибиздин жарандык милдетибиз эмеспи демекчибиз.