“Телефон кредитке алынган болчу…” Маршруттук таксиде буюмун жоготкон аял ууруга соц.тармак аркылуу кайрылуу жолдоду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Динара, мугалим, “Ала-Тоо”к/конушунан:
22-январь куну 161-маршрутта эртен мененки 7-20да Honor маркасындагы телефонумду уурдатып алдым. Уурдаган адам жашы 30-35 тердеги эркек киши . Мен ошол уурдаганын маршруттан түшүп, телефонумду таппай калганда түшүндүм. Телефон кредитке алынган эле, документтери бүт бар. Милицияга арыз жазып койдум. Сен бир эле телефонду уурдаган жоксун, сен балдардын билимин уурдадын. Мен ал телефон менен сабак өтчүмүн окуучуларга.
Эми эмне кылаарымды билбей отурам. Кайра ошондой телефон алганга менде андай бюджет жок. Мен жөнөкөй мугалиммин. Мен ак эмгек менен нан таап жейм, бирөөнүн бир нерсесине кол салбайм, балдарыма да ошону айтып, тарбиялайм.
Эсимде мен да телефон таап алгам, 5-6 жыл мурун. Телефон өчүп калыптыр, мен аны үйгө алып келип, заряддап, чалайын десем “графический ключ” бар экен. Анан күтүп отурсам, АПА деген контакттан звонок келди. Алып дароо таап алганымды айтсам, окуучу кыздыкы экен, керек болсо апасы жоголгонун билбептир. Эртеси кыз өзү келди телефонго. Эмнеге издебегенин сурасам, кайра байкесине жаңы алдырып алмак экен.
Тилекке каршы, мен кайра антип алдырып ала албайм. Эсиң болсо кайтарып бер. Эгер кайтарып бербесең кудайга койдум. 0776525679. Таратып коюңуздар

Аргумент.kg