Текебаевдин жоктугун пайдаланабыз дегендер, калк арасында кадырлуу боло алышкан жок!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Текебаевдин азыркы парламентте жоктугу көп жактардан аксатып турганын айтып эле келет. Анын абакта жатышы менен бир топ саясатчылардын пас кадыры кадимкидей көрүнүп, саясат деп асмандан түшө калгандай сүйлөгөн менен калк арасында кадырлуу боло алышкан жок. Ошондон улам, коомчулукта акыркы эле айларда болуп кеткен өлкөдөгү саясий абалдарда, анын орду кадыресе билингени айтылууда. Жаздын ар бир күнүн саясий жыттанып турат эмеспи, бизде. Мына ушундай учурда мурдагы президент Атамбаев эски жолою менен кайрадан “саясий оюндарды” баштаган болсо, анын эски досу Текебаев дагы абакта жөн жатпаганы байкалууда. Буга чейин ар түркүн айтылган сөзгө сабырын кармаган атамекенчилер, 23-апрелде Жогорку соттун алдында тынчтык митингин өткөрөт. Анда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында саясий мотив менен камалгандардын ишин кайра кароо талаптары коюлат. Апрелде болчу митингде сот реформасын тездетүү, укук коргоо органдарындагы реформаны аягына чыгаруу талаптары да коюлаары белгилүү болду. Текебаевди Атамбаев каматканы менен анын адилетсиз камакта олтурушуна кайдыгер караган азыркы бийликке, Текебаев деле нааразы болсо керек. Анан үстүнө Атамбаев аны каматканына канчалык өкүнүп атканын өткөндө айтып койгон эмес беле. Демек, эски достордун кумдан эшилген аркан менен байланган аракеттери бир бүтүндүктү берип, апрель ичиндеги “акыркы окторуна” даярдык көрүп жаткан жокпу?

Булак: «Факты.kg» гезити

Аргумент.kg