Текебаев өз каалоосу менен фракция лидерлигинен кетти

Бүгүн, 5-январда “Ата Мекен” фракциясынын жыйыны болду. Жыйында эки маселе каралды:
1. “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигин аркалап келген Өмүрбек Текебаев өз ыктыяры менен фракция лидерлигинен баш тартып, ордуна Айсулуу Мамашова лидер болуп шайланды.
2. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты болуп, бирок, партиянын да, фракциянын да иш-чараларына катышпаганы үчүн Гульнара-Клара Самат фракция мүчөлүгүнөн чыгарылды.
Бул чечим “Ата Мекен” фракциясы менен партиянын байланышын күчөтүү үчүн “Ата Мекен” фракциясы жөнүндө” Жобого киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык кабыл алынды, — деп кошумчалаган.
 

Аргумент.kg