Текебаев күнөөсүз экенин далилдей турганын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Ата Мекен” партиясынын абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку соттун ишти кайра тергөөгө жөнөткөн чечими боюнча оюн билдирди.
Ал өзүнүн актыгын далилдей турганын Жогорку Кеңештин депутаттары, жактоочулары жана партия мүчөлөрү менен сүйлөшкөн учурда билдирген. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
— Депутаттар, адвокаттар барып жолуктук. Маанайы жакшы. Мыйзам боюнча ушундай болуш керек эле, кеч болсо да адилеттик орнойт деген ушул. Мен актыгымды далилдейм деп, партиялаштарын куттуктады, — деди Шыкмаматов.
Текебаев саламаттыгына байланыштуу 31-майда №47 колониядан ооруканага которулган. Учурда ал Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат.
Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден “пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти 21-августта карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарды. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. (КЕ)
БУЛАК: Азаттык

Аргумент.kg