Теңгиз Бөлтүрүктүн мойнуна канча миллиард сом илинет? Кутулбас куяга калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Таңгаласың да. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингди түзүүгө 3 миллард сомдон ашык каражат жумшалса, аны жоюу үчүн 700 миллион сом кетери болжонууда. Мынчалык эбегейсиз чыгымды мамлекетке ким төлөш керек? Теңгиз Бөлтүрүк камакта жатат. Кызык кырдаал жаралды. Өкмөт негизинен ушунча сумманын абага кеткенине эмне дейт? Карапайым калк суукта шишип-көөп, кыйналып жашоодо. Келтирилген чыгымдын ордун толтуруу керек. Бирок кантип? Мына талуу маселе. Башында эле Теңгиз Бөлтүрүк шек жаратып, көзгө комсоо көрүнгөндө эле ири каржылык булактын башына отургузбаш керек эле. Чоң катачылык кетти. Элибиз карап турат. Олчойгон сумманын ордун толтуруу боюнча баш ооруталы. Ийин куушуруп эле кутулуп кетүү жарабас. Тийешелүү жетекчилер буйтап кетишсе, аргасыздан Теңгиз Бөлтүрүктүн мойнуна илинет да, башка арга барбы? Мындан сырткары, эсептөө палатасынын текшерүүсү боюнча “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги арбын чыгашаларды кетирип, коррупцияга малынганынан башчысы камалып отурбайбы. Жалпысынан дайынсыз кеткен сумманы эсептегенде, канча миллиард чачылды болду экен? Өкмөт так санын элге айтуусу зарыл.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg