Теңгиз Бөлтүрүк: 2 жылдан кийин Кумтөр ишин токтотууга аргасыз болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк камактан ачык кат жазганын анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирип, катты жарыялады.

Катта камактагы Теңгиз бөлтүрүк кен жай азыртан так стратегияны иштеп чыгуу башталбаса, эки жылдан кийин токтоп калуу алдында турарын айткан. Ошондой эле, ал Кумтөрдө кадрлардын жетишсиздиги байкалып жатканын жана 7 жылдан кийин алтын запастары түгөнө турганын баса белгилеген.

«Эгер азыр Кумтөрдү өнүктүрүүнүн дыкат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, 2025-жылы Кумтөр калдыктарга толуп ишин токтотууга аргасыз болот. Ал эми жети жылдан кийин такталган алтын запастары түгөнөт. Аталган жагдай өлкө жетекчилигинин аброюна катуу сокку урат, себеби президенттин күчү менен гана Кумтөрдү Кыргызстан элинин менчигине кайтарууга жетишкенбиз.

Мурда бул позицияларды чет элдик адистер жана консультанттар аркалап турган. Азыр биз Кумтөр үчүн эле эмес, жалпы жонунан улуттук кадрларды тез арада даярдашыбыз керек. Кумтөр чукул өзгөрүүлөргө, технологиялык модернизацияга, IT технологияларды киргизүүгө муктаж» — деген Бөлтүрүк.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту Теңгиз Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-мартына чейин камакта калтырган.

2022-жылдын 29-декабрында Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын узартуу боюнча өтүнүч каралып, сот анын камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Аргумент.kg