Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана унаа жолун бир тараптуу тоскон. Учурда ок атышуу болуп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз-тажик чек арасында 27-январда саат 18:30га карата кырдаал чыңалган бойдон деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 17:30дан 18:00гө чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек арачылары Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн бир тараптуу тоскон.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткендеги чек ара отрядынын башчысы Рустам Миршакиров окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Баткен облусундагы чек аранын бул тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү.

УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери кырдаалга көз салууда жана абалды басаңдатуу боюнча чараларды көрүүдө.

Аргумент.kg