Тажикстанда алп наристеге эки эненин эмчек сүтү берилүүдө
04-аяк оона, 2018-ж // //
Быйыл июлда Куляб шаарында 8 килограмм салмакта төрөлгөн наристени эки аял эмизүүдө. Баланын атын Рустам деп коюшкан. Ата-энесинин айтымында, ал “Шахнаме” эпосундагы башкы каарманга окшош.
Рустамдын чоң апасы Назира Имомназарова “неберем жарык дүйнөгө келерде төрөтканага кошумча дарыгерлерди алып келишкен, себеби анын салмагынан кооптонушкан”, деп эскерет.
Назира Имомназарова небереси рекорддук салмак менен төрөлсө да, бийлик өкүлдөрү куттуктап келбегенине жана жардам беришпегенине нааразы. Анын айтымында, наристе кээде апасынын жана эмчек энесинин сүтүнө да тойбой калат. Бул учурда уйдун сүтүн сатып беришет.