Тажикстанда абакта отурган 69 жаштагы кыргыз жараны көз жумду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тажикстанда абакта отурган 69 жаштагы кыргыз жараны көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрли кабарлады. Маалыматка ылайык, 1953-жылы туулган Кыргыз жараны чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген айып менен камалган. Каза болгон Кыргыз жараны Б.К.Бга карата Тажикстан Республикасынын соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 335-беренесинде (мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмышты жасаган деген айып менен соттолуп, 2 жылга эркинен ажыратылган. Белгилей кетсек, ТИМ абакта каза болгон жарандын ишин тыкыр иликтөө боюнча Тажикстан тарапка нота жөнөткөнүн билдиришти.

Аргумент.kg