Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворухка келди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка караганда, Рахмон Согд облусунда Ноорузга байланыштуу майрамдык ишчараларга, социалдык-экономикалык объектилердин ачылышына катышат. 10-апрелге чейин улана турган сапардын жүрүшүндө Исфара районундагы Кыргызстан менен чектешкен Ворух айылына да барат. Рахмондун сапары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ворух анклавы боюнча билдирүүсү эки өлкөдө тең кызуу талкууланып жаткан учурга туш келди. Ташиев 26-мартта Бишкектеги басма сөз жыйынында Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы баш ооруга айланган Ворух анклавы боюнча Тажикстанга эки сунуш бергенин билдирген. Алар: кыргыз тарап Ворухтун аймагын ченейт жана мындан ары ал чоңойтулбайт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол берилет. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтөт. Экинчиси — 12 миң гектардай аймакты түзгөн Ворух анклавын Кыргызстандын Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашуу. Буга расмий Дүйшөмбү жооп бере элек. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коомдук талкууларга байланыштуу Ворухка бара жатканы кабарланган. 16-18-мартта Тажикстандын Согд облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өткөн. Кийинки жолугушуу эми апрель айында Бишкекте болору айтылган. Кыргыз-тажик чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Кыргызстанда Тажикстандын Ворух жана Кайрагач анклавдар жайгашкан.

Аргумент.kg