Тазабек Икрамов: Кытайга окшоп, коррупционерлердин колун кесиш керек, болбосо атыш керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Кытайга окшоп, коррупционерлердин акчанын суммасына карап, колун кесиш керек, болбосо атууга бериш керек. Мына ошондо гана мамлекетибиз алдыга жылат». Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов  депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.

«Бүгүнкү күндүн абалы кандай. Бирөөсү жооп берген жок. Сотко барат, жеген акчасынан берип, чыгып кетет. Келген акчаны жеп коет, элдин эсебинен төлөш керек болот. Эч кандай жыйынтык жок. Эртең өзүнөн эмес, бала-чакасынан корко тургандай мыйзамдарды кабыл алыш керек. Болбосо Кытайга окшоп, коррупционерлердин суммасына карап, колун кесиш керек, болбосо атууга бериш керек. Мына ошондо гана мамлекетибиз алдыга жылат. Баары эле коррупционер болуп алды. Келгендин баары жеп жатат. Бирөөсү камалган жок. Миллиондогон евролор жоголуп жатат», — деди депутат.

Аргумент.kg