Тазабек Икрамов: Бакыт Төрөбаев беш колуңузду оозуңузга салып отурсаңыз какап каласыз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов бүгүн 12-январдагы жыйында билдирди: «Бакыт Эргешович, парламенттин жыйынын туура эмес алып барып жатасыз. Сиз эл шайлаган депуттардын үнүн укпай туруп добушка коюп жатасыз. Мен ачык эле айтып коёюн, акыйкатсыз алып барып жатасыз. Бул адилетсиздик. Бул жерде өзүңүздөр жең ичинен көп нерсени бекитип алып, көпчүлүккө салып добушка койгонуңуз сиздин туура эмес жакка кетип жатканыңызды көрсөтүп жатат. Сиз беш колуңузду оозуңузга салып отурсаңыз какап каласыз», — деди Икрамов.

Аргумент.kg