Тазабек Икрамов: «Азыр деле антисептикти колдоном. Сактанганды Кудай да сактайт»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Антисептикти ар дайым колдоном. Унаада да жүрөт. Кеңсемде да бар.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабызга маек берип жатып билдирди.

«Коронавирус кыргызстандыктарды чочутту. Канчалаган жакшы адамдар көз жумду. Жакында эле дос балам дал ушул илдеттен каза болуптур. Угуп алып, жүрөк ооруйт. Сактанганды Кудай да сактайт. Ошондуктан ар дайым антисептик колдонолу. Өзүбүздү карайлы. Киши көп жерде бет кап тагалы»,— деди ал.

Аргумент.kg