ТАТЫНАКАЙ ЖУБАЙЫМДЫ БИР ИШКЕРГЕ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРДИМ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен Аруукени бир көрүп жактырып, артынан калбай чуркап жүрүп, акыры жүрөгүнүн ээси болдум. Ал абдан татынакай болчу. Жаңы келин болгондо элдин баары суктанып, анын сулуулугу, сымбаты, назиктиги тууралуу эмне деген жакшы кептер айтылбады дейсиз…
Арууке төгөрөгү төп келген жубай болду. Баары өзүмдөн кетти. Бизнестеги ишим жакшы жүрүшүп, баары ойдогудай эле. Бирок, акча мени көптүрдү. Али үйлөнө элек бойдок досторума кошулуп көңүл ачып, ар кайсы кыздарга баруу мага адатка айланып кетти. Ал ортодо Арууке балканактай уул төрөдү. Бирок, уулумдун жарык дүйнөгө келиши да мени токтоткон жок. Мага нааразылыгын айткан Аруукени уруп коюп да жүрдүм. “Аялды башынан катуу кармаш керек” деген досторумдун сөзү ар убак мээмде турчу.
Бир күнү Аруукени дагы катуу сабап коюптурмун. Капыл-тапыл ошол учурда кайненем, кайнагам үйгө келип калышыптыр. Көзү, бети көгөргөн кызын көргөн кайненем катуу жаңжал салды. Кечирим сурагандын ордуна “кызыңарды алып кеткиле” деп опурулдум.
…Үйүм ээн калды. Алгач мага жалгыздык билинген жок. Үйгө күн сайын бир кызды алып келип, көңүл ачып жүрө бердим. Ал ортодо автокырсыкка учурап, адам өлүмүнө себепкер болдум. Үйүмдөн, болгон каражатымдан кол жуудум. Ошондо гана эсиме келгендей, Аруукени жоктодум. Ага бир нече жолу бардым. Бирок менден көңүлү калганын айтып, кайтып келбеди. Булдуруктап жаңыдан тили чыга баштаган уулумду кыса кучактап, аргасыз кайттым.
Андан бери жылдар учту. Арууке азыр бир белгилүү ишкердин жубайы. Мурдагыдан сулуу, бактылуу сүрөттөрүн соцбаракчаларынан көрүп калам. А мен болсо али бактысын таба албай, ордун таба албай, жаштыгын колдон учуруп жаткан бир байкушмун.

Адыл ЖАМГЫРЧИЕВ Булак: Арыба.кж

Аргумент.kg