«Таштандысың» деп башыма тапочкасы менен чаап салды 

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

   

Саламатсыздарбы. Сиздерге жазганымдын себеби мага жардамыңыздар керек. Мага туура кеңеш бериңиздер. Негизи аял заты, деги эле адам баласы жашоодо кыйын, бетке айтаар, тайманбас болушу керек экен. Ошондо гана оз жашооңду эптеп сүйрөп кетет экенсиң. А менде андай нерселер жок, жоош тартынчаакмын, ушундайлыгымдан коп кыйналам.

Жашоо мени ушундай түнт кылып койду. Себеби балалыгым уруш-талаш, кысымчылыкта өттү. Айыбым кыз бала болуп төрөлгөндө, анткени атам уул күткөн экен. Апам уул төрөй албады 5 кыз төрөдү, мен эң улуусу 4 сиңдим бар. Атам бизге мээрим төгө албады. Кызым деп бир бооруна баспады, аталап барсак урушуп жиркип салчу.
Апам менен атам аябай көп урушчу. Ошентип мен 18ге чыкканда экөө ажырашты. Атам башкага үйлөндү, биз апам менен жашап калдык. Кыйынчылыктын баары ошондо башталды, башыма эрте түйшүк түштү. Ар кандай кара жумуштарда жалданып иштеп, той мааракелерде идиш жууп, күнүмдүк оокатыбызды кылып жүрдүк, апам ооруп жатып калды . Сиңдилеримдин бой жетип калды. Алардын окуусу, кийим-кечеси турмушка чыкса себи деп иштеп жүрө берип өзүмдүн жашым өтүп кетиптир. 25ке чыгып бирөө менен сүйлөшүптүрмүн.
Ошентип туугандарым тапкан бир майып балага турмушка чыктым. Учурда эки кызым бар, чоңу 2 жашта, кичүүсү усу 4 айлык. Бирок кайненем мени негедир тоготпойт, «таштандысыңар» деп ар бир ишимден айып табат. Жаман сөздөр менен көп каргайт, бирок, бир да сөз кайтарбадым, баарын ичиме жутуп ыйлап-ыйлап коюп жүрө берем. Апама айтайын десем өзү оорукчан болуп калган.
Күйөөмө айтайын десем апамады жамандап жатат деп менден көңүлү калып калабы деп корком. Келин болуп келгениме 4 жыл болду келгенимден бери кайнагамдын 5 баласын багам, баары эркек же бир жардам беришпейт, же кыздарымды карашпайт. Күндө нан жабам күнүгө 2 маал тамак кылам, өзүмдү күзгүдөн

караганга убакыт жок. Эмне кылсам кеңеш бериңиздер, сураныч негатив сөздөр керек эмес. Чындыгында аябай кыйналып турам. Бүгүн күйөөм экөөбүз уруша кеттик эле кайненем келип бизди бөлүштүргөн адам болуп, бутундагы тапочкасын чечип башыма чаап чаап салды. Ыйлап отуруп калдым. Не кылсам бул тозок күндөр тезирээк бүтсө жакшы болот эле. Аноним

Аргумент.kg