Ташиевдин коррупцияга каршы күрөшү: Тааныш-билиштик жок, мыйзам гана бар!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акыркы жылдары УКМКнын мамлекеттик кызматтардагы коррупцияга каршы күрөшүүсү өз жыйынтыгын берип келатат. Анын негизинде, буга чейин жоопкерчиликсиз калып жүргөн бир топ иштердин бети ачылып, коррупциялык схема менен күн көргөн чиновниктердин бир тобу мыйзам чегинде жазасын алышты.

Жакында эле Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты менен Базар-Коргон районунун акими кармалды. Алар Базар-Коргон шаарына мэр кызматын кайсы бир жаранга алып берүүнү убадалашып, ал үчүн 20 миң доллар алышкан. Анда дагы президент Садыр Жапаровдун атын жамынышкан. Акча берген тарапты бул каражат өлкөнүн биринчи адамынын колуна тиерин айтып алдашкан. Балким, башка заман болгондо жабылуу аяк жабылуу боюнча калып, кызматты акчага сатып алам деген жаран же акчасынан же көздөгөн максатынан жок арасат жолдо калмак. Бирок учурда өлкөдө мыйзамдуулук орной баштаганынын шарапаты тийип, эми ал мэр боло калбаса дагы, алдаган адамдарды мыйзам чегинде жоопко тарттыра алат.

Чынында, кызмат сатып алуу биздин өлкө үчүн бейтааныш жорук эмес. Ушул убакка чейин кызматтар жең ичинен соодаланып, акчасы бар каалаган чокусуна конуп, акчасы жок, бирок билимдүүлөр четте калып келишкен. Так ушул жагдайды жоюуну, коррупцияга аралашкан адам алар үчүн ким болбосун: мейли, тарапташы, ал турмак бир тууганы болсо дагы жазага тартууну Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келген биринчи күндөрү эле убадалашкан. Ал убада өтөөсүнө чыгууда. Коррупцияга күрөш тандалма болгон жок, өлкөдө кол тийгиз эч ким жоктугу далилденип жатат.

Мисалы, кармалган Базар-Коргон районунун акими, “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору – Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты бүгүнкү бийликтин курамындагы адамдар. Качан бийликте отурган адамдар коррупция менен кармалып, коомчулукка чыгарылды эле? Кызматтан кеткенден кийин былыгы чукулса чукулуп, чукулбаса ошол бойдон билинбей калчу эмес беле. Демек, УКМК тарабынан акыркы 2 жылдан бери жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы күрөш чыныгы өз жүзүн тапты, мындан ары ушул ыргак менен кете берсе мыйзамсыз аракетке берилчү жазадан байлыгың, кызматың, тааныштыгың да арачага түшүп бере албайт деген түшүнүк калыптанат. Коррупция менен күн көргөндөр эстерине келчү мезгил жетти.

Аргумент.kg