Ташиев: Зулушевдин кайниси зыянды эки эселеп төлөсө абактан чыгарышыбыз керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөсө, аны абактан чыгарууга милдеттүүбүз. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде билдирди. Белгилей кетсек, март айында баш прокурордун Бажы кызматында иштеген кайниси контрабандалык схема түзүүгө айыпталып  кармалган «Кайниси үч кесиптеши, төрт жөнөкөй инспектор жана эки соодагер менен чогулуп коррупциялык схема түзгөн. Кытайдан товарлар келгенде Оштогу кампага түшүрүп калып, Өзбекстанга бош унааны чыгарып жиберишкен. Ал транзиттик товар делгендиктен акциз, бажы алымдары төлөнбөй ар бир машинадан 50 миң доллардын тегерегинде зыян тартып жатабыз. Ушундай 19 жүк ташуучу унааны кармадык. Күнөөлүүлөрдү аныктай келгенде башкы прокурордун кайниси да чыгып калды. Баары эле башында аны камабаса керек деп ойлошкон. Прокуратуранын кызматкерлери да кошоматчылык кылайын дедиби, каматпоого аракет кылгандар да болду», — деди Ташиев. Ошондой эле ал Зулушев кайнисине жан тартып, ишти оң жагына чечип берүүнү суранбаганын белгиледи. «Эгер алар мамлекетке келтирген зыянды эки эселеп төлөй турган болсо, ал адамдарды чыгарууга милдеттүүбүз. Мыйзамда ушундай берене бар, ошонун негизинде каралып жатат. Бирок азыр алар бир да сом төлөй элек. Жакында бир чоң комиссия өткөрөбүз. Ошонун негизинде жумушту бүтүрөбүз. Бирок башкы прокурор бир да жолу кийлигишкен жок. Ооба, эми кандай болгонун сурап жатты, ал уюштуруучулардын бири болгонун айтканымдан кийин «мыйзам чегинде жоопко тарталы, башка тууган-уруктарыбызга сабак болсун» деди. Курманкул Токторалиевичтин ушул мүнөзүнө баа бердим», — деди УКМК төрагасы. Аны менен бирге Ташиев кол алдындагы кызматкерлерге да өзүнүн туугандары кылмыш жасаган болсо коркпостон жоопко тарткыла деп айтканын кошумчалады. Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg