Ташиев маркум Бекжан Темирхандын эскерүү концертине 5 миң доллар которду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

11-декабрь күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда маркум Бекжан Темирханды эскерүү кечеси өтөт. Учурда кайдыгер карабаган калкыбыз атайын эсепке акча которууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев дагы үй-бүлөсүнүн атынан 5 миң доллар которгон. Бул тууралуу КРнын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев социалдык тармактагы баракчсына жазды.

«Жасаган баштаган ишиң жакшы болуп жалпыга жакса, Жараткан ар түрдүү жолдор менен жакшы адамдарды себепкер кылып жардамга кол сунууга себепкер болот экен. Айтайын дегеним, маркум Бекжан Темирхан инибиздин изги тилектерин аткарууга аракет көрүп баштаганыбыздан бери апта өттү, эскерүү кечеси 11-декабрь күнү спорт ордосунда өтөт, ага чейин кайдыгер болбогон калкыбыз атайын эсепке акча которуп, топтолгон каражат 237 027 сомду түздү.

Мурдагы күнү Алматыда иш-чара менен жүрсөм, ЖКнын депутаты Ташиев Шаирбек мырза телефон чалды, Сыймык жакшы иш жасап жатыпсыңар, мен дагы үй-бүлөмдүн атынан кол кабыш кылайын 5000$ (беш миң доллар) каражат берейин, кайрымдуулук капчыгына кошуп коёсуңарбы деп. Чын жүрөктөн жасаган ишибиз туура экенине дагы бир жолу ынанып Кудайга шүгүр дедим.
Урматтуу каражат которуп жаткан улуу кичүү замандаштарым, жана Шайырбек мырза, баарыңыздарга уюштуруучу топтун атынан алкыш айтабыз. Жалпыңыздарга Жараткан ыраазы болуп, ырыскы дөөлөттүн ордосунда оорубай кылым жашаңыздар деп тилек айтабыз, сонун кол кабыш кылып жатасыздар. Ал эми бизге байланышка чыгып «бул иш-чара канчасына чейин болот?»,- деп сурап жаткан жакшыларым, кайрымдуулук куржундун оозун 15-декабрь күнү жабабыз. Келиңиздер биз Кудайга, анан арбакка жаккан ишти чогуу жасайбыз! Бүгүнкү күнгө жалпы чогулган каражат 664 миң 527 сом, 54 тыйын болду»,- деген ал.

Эскерте кетсек, ырчы Бекжан Темирхан 10-ноябрь күнү жол кырсыгынан каза болгон.

Аргумент.kg