Ташиев: Аспеков акчаны мамлекетке кайтарып коюп, эркиндикке чыга берсин

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиев менен капыл тапыл жолугуп калдык. Учурдан пайдаланып, Мелис Аспековго байланыштуу сурообузга жооп алууга үлгүрдүк.

– Камчыбек Кыдыршаевич, камакта жаткан Мелис Аспеков «эч күнѳѳм жок эле камап коюшту. Мен Дашковдон 250 миң доллар алган эмесмин. Улан Жураев деген дос балам алыптыр», деп сотто айтып чыкты. Чын эле күнѳѳсүз камакта жатабы?
– Ушунча болду, анда мен сизге тѳкпѳй чачпай окуянын кандай болгонун айтып берейин.
Мелис Аспеков 2020-жылкы президенттик шайлоодо “Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын башкарып жатам, Садыр Жапаров сурап жатат, жардам бергиле”- деп бизнесмендерден акча топтой баштаган. Чындыгында штаб башчысы болгон эмес.
Ошондо эле биздин кызматкерлер мыйзамсыз иштери боюнча маалымат беришкен. Биз албетте, президентке жеткиргенбиз. Менин билишимче, президент Мелис Аспековко бир эмес, үч жолу: “…андай аферисттик иштериңди токтот. Мени уят кылып жатасын”,- деп эскерткен. Ошондон кийин да токтобостон ошо кездеги “Кыргыз темир жолдору” АК башчысына барып, “Садыр Жапаров сурап жатат, 250 миң доллар шайлоого жардам беришиңиз керек”, – деп «Кыргыз темир жолу» ишканасынын (мамлекеттин) акчасын алып кеткен. Биз маалыматты алгандан кийин дароо эле 7-8 адамды камакка алдык. Арасында Мелис Аспеков дагы бар болчу. Ѳзү эле эмес, жанындагы дос баласы экѳѳ тең камалышкан. Сурак маалында болсо Мелис Аспеков “250 миң долларды мен алган эмесмин, Улан Жураев деген дос балам алыптыр”- деген шылтоого ѳттү. Ал эми Улан Жураев деген досу Мелис Аспеков ѳзү алганын кѳзмѳ кѳз жолугушууда бетине коюп берди. Биз аны камактан чыгардык. Мелис Аспековко мамлекеттин акчасын кайтарып берип, камактан чыга бер деп айтып эле келатабыз. Эгер мамлекеттин акчасын кайтарып берсе, соттон анын жоопкерчилигин жеңилдетүүнү жана чыгарууну сурайбыз. Акчаны мамлекетке кайтарып берип коюп, эркиндикке чыга берсин. Бул жерде эч кандай саясат жок. Акчаны досу Улан Жураев кайтарабы, же ѳзү кайтарабы, айырмасы жок. Мындан сырткары, башка дагы бир топ бизнесмендерден алдамчылык жол менен акчаларды алган экен. Алар баштан кѳздѳн садага дешип, Аспековдун үстүнѳн арыз жазышкан жок.
Дашковдордун мойнунда болсо он миллиондон ашык доллар бар. Темир жолдон уурдалган акчалар. Алар да мамлекеттин акчасы.
Дашков ѳзү бүгүнкү күндѳ ден-соолугуна байланыштуу үй камагында олтурат. Ал дагы мамлекеттин эсебинен уурдаган акчаны казынага кайтарып, жазадан кутулсун. Биз эч кимди абакта кармагыбыз келбейт. Мындан ары кимде ким мамлекеттин казынасынан акча уурдаса, уурдагандарын жүз эсе кылып кайтарышып, анан кутулушат. Канчалаган адамдар уурдаган акчаларын мамлекеттик казынага кайтарышып, темир тордон кутулуп жатышат. Аны баарыңар эле кѳрүп, билип жатасыңар. Уурдаган акчаларын кайтарбаса, анда темир тор артына барат. Элдин байлыгын, мамлекеттин акчасын уурдагандарды мындан ары аябайбыз!

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg