ТАРАЗДЫН БОРБОРДУК АЯНТЫНА НАЗАРБАЕВДИН ЫСЫМЫ БЕРИЛДИ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 
Тараз шаарындагы борбордук аянтка Казакстандын мурдагы президенты Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты. «Тараз шаарынын Достук аянты Нурсултан Назарбаев атындагы аянт болуп өзгөртүлсүн», — деп жазылган Жамбыл облустук акимчилигинин токтомунда. Быйыл март айында президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган Назарбаевдин урматына өлкөнүн баш калаасы Нурсултан деп өзгөртүлгөн. Казакстанда Назарбаевдин ысымы борбордогу аэропортко жана бир катар шаарлардын көчөлөрүнө берилген. Нур-Султан шаарында Назарбаев Университети бар. Мындан тышкары бир нече шаарда анын эстеликтери тургузулуп, ага арналган музейлер ачылган. Нурсултан Назарбаев бийликке 1991-жылы келип, өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарды.Учурдагы президент Касым-Жоомарт Токаев экс-президентке болгон сый-урматын көрсөтүп, каршы чыкпай келүүдө…
Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg